Колл - борбор: 105

Тазалык жана тартип — жалпы жоопкерчилик!

13 Ноябрь 2026 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрү өздөрүнө бекитилген аймактарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо, иш орундарында жана аларга чектеш аймактарда санитардык абалды жакшыртуу, ошондой эле кызматкерлер арасында тазалыкка жана жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу.

Тазалык — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Айлана-чөйрөгө кам көрүү өзүбүздөн жана күнүмдүк аракеттерибизден башталат. Ар бирибиз өз аймагыбызда тартипти сактап, жаратылышты коргоого салым кошсок, жашообуз дагы таза, кооз жана жагымдуу болот.

Тазалыкты сактоо — жалпыбыздын милдетибиз!