Колл - борбор: 105; 1209
Ссылка на старый сайт

ИШКАНА ЖӨНҮНДӨ

 «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Чүй электр тармактар ишканасы »Түндүк электр» ААКны 2022-жылдын ноябрь айында »Кыргызстан УЭТ» ААКсына бириктирүү жолу менен кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн. Чүй электр тармактар ишканасы (Чүй ЭТИ) Кыргыз Республикасындагы транспорт жана энергия менен жабдууну уюштуруу уюму болуп саналат. Учурда, базар экономикасынын шартында Чүй ЭТИ өзүн өзү камсыздоо принциптеринде республикада өндүрүлгөн электр энергиясынын төрттөн бир бөлүгүн сатып алуу, ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле бөлүштүрүүчү электр энергиясын оңдоо, тейлөө жана эксплуатациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анын абоненттери 2023-жылдын 1-майына карата 15 340 юридикалык жак жана 274 397 жеке жак. Аба чубалгы, жогорку вольттуу, төмөнкү вольттуу тармактарды жана энергетикалык жабдууларды эксплуатациялоо, электр энергиясын сатып алуу, бөлүштүрүү жана сатуу 16 түзүмдүк аймактык бөлүм тарабынан ишке ашырылат. Кызматкерлердин жалпы саны 1980 адамды түзөт. Бишкек электр тармактар ишканасына 10 электр тармактары кирет - Кемин, Чүй, Токмок, Ысык-Ата, Кант, Аламудун, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Сокулук. Ошондой эле, Чүй ЭТИнин курамында кийинки өндүрүштүк кызматтар бар:

- көмөкчордон кызматы Чүй облусунда жайгашкан 220/110/35-10-6-0,4 кВ чыңалуудагы көмөкчордондорду оңдоону жана тейлөөнү жүргүзөт;

- жогорку вольттогу тармактардын кызматы 220/110/35-10-6-0,4 кВ чыңалуудагы жогорку вольттогу аба электр чубалгыларын оңдоону жана тейлөөнү жүзөгө ашырат;

- оперативдүү диспетчердик кызмат чыңалуусу 220/110/35-10-6-0,4 кВ электр тармактарын оперативдүү тейлөөнү камсыз кылат;

- релелик коргоо жана автоматика жергиликтүү кызматы иштетилип жаткан жабдууларды коргоону жана жабдууларды автоматташтырууну камсыз кылат;

- электр жабдууларын изоляциялоо, ашыкча чыңалуудан коргоо жана сыноонун локалдык кызматы профилактикалык сыноолорду камсыз кылат жана электр тармактарынын объектилеринде жогорку чыңалуудагы изоляцияны жана ашыкча чыңалуудан коргоону жүргүзөт;

- ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматы эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат;

- диспетчердик-технологиялык башкаруу системаларынын локалдык кызматы диспетчердик жана технологиялык байланыштарды, телемеханика каналдарын, башкаруу каналдары үчүн колдонулуучу линиялык кабелдик конструкцияларды техникалык эксплуатациялоону камсыз кылат;

- механизация жана автотранспорт кызматы ишке ашырат;

- метрологиялык кызмат көмөкчордондордо жана ченөө каражаттарында өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн жана талап кылынган тактыгын камсыз кылат;

- трансформаторлорду оңдоочу цех трансформаторлорду оңдоону жана тейлөөнү жүзөгө ашырат;

- ремонттук-чарбалык база жабдууларды жана имараттарды капиталдык жана учурдагы оңдоону жүргүзөт;

- бирдиктүү терезе абоненттер менен түз иштейт, техникалык шарттарды иштеп чыгууга жана берүүгө арыздарды кабыл алат, электр энергиясы менен камсыздоого келишимдерди түзөт.