2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында Чүй райондук электр тармактары электр тармактарында пландуу оңдоо иштерин, техникалык тейлөөнү, авариялык-калыбына келтирүү иштерин (АККИ) жана реконструкция иштерин жүргүзүүдө.
2026-жылдын январь–август айларында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган олуттуу көлөмдөгү иштер аткарылды.
Отчеттук мезгилде төмөнкү оңдоо иштер аткарылды:
- 59 трансформатордук көмөкчордондо;
- 10 кВ аба электр берүү чубалгыларынын 55,164 км аралыгында;
- 25 даана аба электр берүү чубалгыларында (ҮИТ).
Техникалык тейлөө:
Электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында төмөнкү техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү:
-359 трансформатордук көмөкчордондо;
-10 кВ аба чубалгыларынын 227,12 км аралыгында;
-0,4 кВ аба чубалгыларынын 383,033 км аралыгында;
-0,4/10 кВ кабелдик чубалгылардын 11,956 км аралыгында;
-94 даана ТП ҮИТ.
Авариялык-калыбына келтирүү иштери
Электр энергия менен камсыздоону ыкчам калыбына келтирүүгө жана аныкталган кемчиликтерди жоюуга өзгөчө көңүл бурулуп, төмөнкү иштер аткарылды:
0,4 кВ аба чубалгыларынын 2,11 км аралыгында;
0,4–10 кВ кабелдик чубалгылардын 3,907 км аралыгында;
5 даана ТП ҮИТ;
Мындан тышкары, ыкчам көчмө бригадалар (ЫКБ) тарабынан 109 трансформатордук көмөкчордондо, 10 кВ аба чубалгыларынын 32,5 км жана 0,4 кВ аба чубалгыларынын 13,2 км аралыгында иштер жүргүзүлдү.
Электр тармактарын реконструкциялоо
Электр тармактарын модернизациялоонун алкагында 0,4 кВ аба чубалгыларынын 4,875 км аралыгы реконструкцияланып, зымдар СИП-2 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымга алмаштырылды.
Жүргүзүлүп жаткан иштер авариялардын санын азайтууга, электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуунун сапатын жакшыртууга багытталган.
Чүй РЭТ электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырууну улантууда.
Башкы милдет — электр энергиясына болгон жүктөм максималдуу болгон мезгилде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.