Колл - борбор: 105

Чүй электр тармактар ишканасы майрам жана дем алыш күндөрүндөгү иш тартиби тууралуу маалымдайт

29 Август 2026 ж.

Урматтуу абоненттер!

Чүй электр тармактар ишканасы майрам жана дем алыш күндөрүндөгү иш тартиби тууралуу маалымдайт.

2026-жылдын 31-августу — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү.

2026-жылдын 1-сентябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын айрым категориядагы кызматкерлери үчүн дем алыш күнү.

Бул күндөрү жарандарды кабыл алуу жана абоненттерди тейлөө жүргүзүлбөйт.

Ошол эле учурда керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн нөөмөттөгү авариялык-калыбына келтирүү бригадалары штаттык режимде иштешет.

Кайрылууларды пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн рахмат!