«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасында (ЧүйЭТИ) ERP системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.
Бул ишкананын санариптик трансформациясындагы маанилүү кадам болуп, жумуш процесстерин тезирээк, ыңгайлуу жана натыйжалуу уюштурууга багытталган.
ERP системасы ишкананын негизги процесстерин бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирүүгө, эсепке алууну жана ресурстарды башкарууну жакшыртууга, керектүү маалыматтарга ыкчам жетүүгө жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинин ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бул кызматкерлер үчүн эмнени билдирет?
Баарынан мурда — күнүмдүк кайталанма иштер азайып, негизги милдеттерге көңүл бурууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт. Санариптештирүү кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнүн көлөмүн кыскартып, маалыматтарды иштетүүнү жана бөлүмдөр ортосунда маалымат алмашууну тездетет.
Кызматкерлер керектүү маалыматтарды тез таап, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөп, кесиптештери менен ыкчам байланышта иштей алышат. Автоматташтыруу маалыматтар менен иштөөдө кетирилүүчү каталардын тобокелдигин азайтып, жумуш процесстерин түшүнүктүү жана системалуу кылууга жардам берет.
Ишкана үчүн ERP — бул башкаруунун бирдиктүү санариптик инструменти. Ал ишти натыйжалуу пландаштырууга, ресурстардын пайдаланылышын көзөмөлдөөгө жана актуалдуу маалыматтардын негизинде башкаруу чечимдерин кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Пилоттук долбоордун ишке ашырылышы Чүй электр тармактар ишканасында заманбап санариптик чечимдерди мындан ары киргизүүгө жана иш процесстерин автоматташтырууга негиз түзөт.
Санариптештирүү — бул жөн гана жаңы технологияларды киргизүү эмес. Бул иштөө ыкмасын өзгөртүү: кол менен аткарылуучу иштер азаят, маалымат алмашуу тездейт жана ар бир кызматкердин натыйжалуу иштөөсү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.