Колл - борбор: 105; 1209

Чүй облусунда энергетиктер тарабынан 10 359 даана изоляторлор алмаштырылат

29 Январь 2025 ж.

"КУЭТ" ААКнын Чүй электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы электр тармактар кызматынын электр куроочулары 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 10359 даана изолятор алмаштырып, 420 чакырым капиталдык оңдоо жана 2187 чакырым 35/500 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүшөт.
 
Мындан тышкары, 10 гектар трассаны тазалап, электр чубалгыларынын астында жайгашкан бактарды бутоо жана кыюу иштерин жүргүзөт.
 
Бул иштер алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү жана керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлөт.
 
2025-2026-жылдарга карата оңдоп-түзөө иштери март айынан ноябрь айына чейин созулат. Электр жабдыктары "КУЭТ" ААКнын өздүк каражатынын эсебинен алынат.
 
Маалымат үчүн: 2024-жылы энергетиктер 12806 даана эскилиги жеткен изолятор алмаштырып, 288 чакырым аралыкты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 2318 чакырым аралыкты учурдагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.