Электр тармактар ишканаларынын авто паркы жаңыланууда

None

Электр тармактар ишканаларынын авто паркы жаңыланууда

Бүгүн, 11-августта Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында Чүй, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын ыкчам бригадалары үчүн атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5 даана атайын автоунаалардын ачкычын ыкчам бригадалардын айдоочуларына тапшырып жатып, заманбап техника менен оңдоо, тейлөө иштери бир топ ыкчам аткарыларына ишенээрин билдирди.

Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстан улуттук электр тармагы ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, "КУЭТ" ААКтын капиталдык курулуш боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев жана Бишкек ЭТИнин директору Азамат Паизов катышты.