Колл - борбор: 105

Урматтуу керектөөчүлөр!

26 Сентябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактары ишканасы электр энергиясын эсепке алуучу приборлорду пландуу жана этап-этабы менен алмаштырууну жүргүзүүдө.

Электр эсептегичтерди алмаштыруу жана эсепке алуу системаларындагы маалыматтарды жаңыртуу мезгилинде айрым учурларда эсептегичтин көрсөткүчтөрү жана эсептөөлөр боюнча маалыматтарды кошумча тактоо талап кылынышы мүмкүн.

Эгерде сиз эсептегичтин көрсөткүчтөрү менен электр энергиясы үчүн эсептелген сумманын ортосунда айырмачылыкты байкасаңыз, тейлөө жүргүзүлгөн жер боюнча райондук электр тармагына (РЭТ) кайрылууну өтүнөбүз.

 

Байланыш номерлери:

105 — чалуу акысыз

+996 772 001209

+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209

 

Адистер эсептегичтин көрсөткүчтөрүн, маалыматтык системадагы маалыматтарды жана эсептөөлөрдүн тарыхын салыштырып, тактоо иштерин жүргүзүшөт.

Эгерде техникалык айырмачылык тастыкталса, маалыматтар тиешелүү түрдө оңдолуп, эсептөө электр энергиясын иш жүзүндө эсепке алуу маалыматтарына ылайык келтирилет.

Электр энергиясын эсепке алуучу приборлорду алмаштыруу электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатуу, маалыматтарды автоматтык түрдө берүү жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Чүй электр тармактары ишканасы эсепке алуу маалыматтарын жаңыртуу процессин көзөмөлдөп, ар бир керектөөчү боюнча маалыматтардын туура чагылдырылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүдө.