Колл - борбор: 105

Чүй облусунда «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу боюнча масштабдуу иштер уланууда

28 Август 2026 ж.

Санариптештирүү саясатын ишке ашыруунун алкагында жана Дүйнөлүк банктын долбоорунун колдоосу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасы электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасын (ЭКЭАС) киргизүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда.

2025-жылы Чүй облусунда 102 652 даана «акылдуу» эсептегич орнотулду. Бул керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, электр энергиясын керектөөгө көзөмөлдү күчөтүүгө жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берди.

2026-жылы Чүй облусунда 94 000ге жакын заманбап ЭКЭАС эсепке алуу приборун орнотуу пландалууда.

Бүгүнкү күнгө карата Чүй электр тармактар ишканасына 57 316 даана бир фазалуу эсепке алуу прибору келип түштү. Алар райондук электр тармактары (РЭТ) боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

Бир фазалуу эсептегичтердин РЭТтер боюнча бөлүштүрүлүшү
Кемин РЭТ — 4 508 даана
Чүй РЭТ — 6 440 даана
Кант РЭТ — 2 254 даана
Сокулук РЭТ — 20 608 даана
Москва РЭТ — 5 796 даана
Жайыл РЭТ — 10 304 даана
Панфилов РЭТ — 4 508 даана
Бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунда 8 658 даана ЭКЭАС эсепке алуу прибору орнотулду.


«Акылдуу» эсептегичтердин артыкчылыктары
Салттуу эсепке алуу приборлорунан айырмаланып, заманбап ЭКЭАС эсептегичтери төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
көрсөткүчтөрдү автоматтык түрдө берүү;
эсепке алуу приборлорун аралыктан көзөмөлдөө жана тейлөө;
мыйзам бузууларды жана штаттан тышкаркы кырдаалдарды ыкчам аныктоо;
электр тармактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык жоготууларын азайтууга көмөктөшүү;
керектелген электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатуу.

Долбоорду ишке ашыруу мындан ары да электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга жана электр энергиясын керектөөнү натыйжалуу көзөмөлдөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Электр менен камсыздоо маселелери боюнча күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
105 — чалуу акысыз
+996 772 001 209
+996 556 001 209
WhatsApp: +996 702 001 209