Колл - борбор: 105

Чүй облусунда 24 чакырым СИП кабель тартылды

10 Июнь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын, ошондой эле Чүй электр тармактар ишканасынын электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларынын алкагында Чүй облусунда өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды (СИП-2 жана СИП-3) колдонуу менен электр берүү линияларын тартуу жана реконструкциялоо иштери улантылууда.

2026-жылы Чүй облусунда СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин колдонуу менен 66 чакырым электр берүү линиясын куруу жана реконструкциялоо пландаштырылган. Пландалган иштердин көлөмү райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Кемин району — 6,840 км;

Москва району — 11,100 км;

Жайыл району — 9,429 км;

Сокулук району — 32,583 км;

Чүй району — 1,599 км;

Ысык-Ата району — 5,68 км;

Панфилов району — 8 км.

Бүгүнкү күнгө карата долбоордун алкагында жалпысынан 24 чакырым СИП-2 жана СИП-3 кабель тартылды.

Учурда иштер төмөнкү райондук электр тармактарында аткарылды:

Ысык-Ата райондук электр тармактары — 3,7 км;

Кемин райондук электр тармактары — 2,9 км;

Сокулук райондук электр тармактары — 13,5 км;

Панфилов райондук электр тармактары — 1,6 км;

Москва райондук электр тармактары — 2,1 км.

СИП кабелдери Ысык-Ата районунун станция Ивановка, Кең-Булуң айылынын жана Кант шаарында, Сокулук районунун Асылбаш айылында, Москва районунун Кыз-Моло айылында жана Панфилов районунун Чорголо айылында тартылды.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2025-жылы Чүй облусу боюнча СИП кабелдерин колдонуу менен 150 чакырымдан ашык электр берүү линиялары тартылып жана реконструкцияланган. Тактап айтканда, 10 кВ аба электр берүү линияларынын 146,24 чакырымы СИП-2ге өткөрүлгөн, ошондой эле СИП-3 колдонуу менен 35/10 кВ аба линияларынын 7,52 чакырымы жана 10 кВ аба линияларынын 15,75 чакырымы курулган.

2025-жылы эң чоң көлөмдөгү иштер төмөнкү райондордо аткарылган:

▪️ Сокулук району — 32,6 км;

▪️ Аламүдүн району — 31,2 км;

▪️ Жайыл району — 23,34 км;

▪️ Ысык-Ата району — 16,5 км;

▪️ Панфилов району — 15,2 км.

Эгерде 2025-жылы негизги көңүл Чүй облусунун бардык аймактарындагы электр берүү линияларын масштабдуу реконструкциялоого бурулган болсо, быйыл иштер жүктөмү жогору жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу зарыл болгон өзүнчө тилкелерде жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө көңүл электр энергиясын керектөө көлөмү өсүп жаткан калктуу конуштарга жана күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөр көп катталган участокторго бурулууда.

СИП-2 жана СИП-3 кабелдерин колдонуу аба ырайынын жагымсыз шарттарына туруктуулугу аркылуу электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн кыйла жогорулатат. Изоляцияланган кабелдер кыска туташуулардын тобокелдигин азайтып, катуу шамал, кар жааган жана муз тоңуу учурларында электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын алдын алат.

СИП кабелдери температуранын өзгөрүшүнө, жаан-чачынга, муз катууга жана шамалдын күчтүү таасирине жогорку туруктуулугу менен айырмаланат. Кадимки алюминий өткөргүчтөргө салыштырмалуу СИП жогорку механикалык жүктөргө туруштук берип, татаал климаттык шарттарда дагы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздайт.

Аткарылып жаткан иштер Чүй облусунун керектөөчүлөрүн сапаттуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана алдыдагы күз-кыш мезгилинде энергосистеманын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

Электр менен камсыздоо боюнча кошумча маалымат алуу үчүн тургундар төмөнкү номерлер аркылуу сутка бою кайрыла алышат:

105 (акысыз чалуу)

+996 772 001209

+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209