Колл - борбор: 105

Чүй ЭТИ интеллектуалдык кулпуларды жана санариптик кирүүнү көзөмөлдөө тутумдарын киргизүү боюнча пилоттук долбоор тааныштырылды

9 Июнь 2026 ж.

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасында энергетикалык объектилерге интеллектуалдык кулпуларды жана санариптик кирүүнү көзөмөлдөө тутумдарын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун презентациясы болуп өттү.

Central Asia Runcheng Investment & Consulting Limited компаниясынын өкүлдөрү энергообъектилердин коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана эксплуатациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап технологиялык чечимдерди сунушташты.

Презентациянын жүрүшүндө интеллектуалдык кулпулардын жана санариптик кирүүнү көзөмөлдөө тутумдарынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бул системалар объектилерди алыстан көзөмөлдөөгө, кызматкерлердин кирүү мүмкүнчүлүгүн башкарууга, объекттерге кирип-чыгууну каттоого жана энергетикалык жабдууларды кошумча коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын катышуучулары системанын иштөө принциптери, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана аны бөлүштүрүүчү электр тармактарынын объектилеринде колдонуу перспективалары менен таанышышты.

Мындай инновациялык чечимдерди ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын санариптештирүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу энергообъектилердин коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, алардын эксплуатациясын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды кеңири киргизүүгө өбөлгө түзөт.