Чүй электр тармактар ишканасында «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун көмөкчордондор кызматынын семинар-кеңешмеси болуп өттү. Иш-чара 2025-жылдагы оңдоо иштеринин жыйынтыктарын чыгарууга жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелерине арналды.
Семинар-кеңешме 2026-жылдын 14–18-сентябрь күндөрү Чүй электр тармактары ишканасынын базасында көмөкчордондор кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.
Иш-чараны Чүй электр тармактар ишканасынын директору Жолдош Доктурбай уулу куттуктоо сөзү менен ачты. Ал өз сөзүндө мындай кесиптик иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тажрыйба алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана көмөкчордондордун жабдууларын эксплуатациялоону өркүндөтүү багытындагы иштердин маанисине токтолду.
Семинар-кеңешменин ишине «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Ш.Н. Матаев катышып, иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жасап, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү учурунда энергетиктердин алдында турган негизги милдеттерге токтолду.
Семинарга электр тармактар ишканаларынын көмөкчондор кызматтарынын жетекчилери, көмөкчордондордун башчылары жана адистери, инженерлер жана инженер-техникалык кызматкерлер, ошондой эле "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Окуу борборунун өкүлдөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө адистер 2025-жылдагы оңдоо иштеринин жыйынтыктарын чыгарып, көмөкчордондордун жабдууларын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо, энергетикалык жабдууларды техникалык тейлөө, эксплуатациялоо жана оңдоо маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл адистердин ортосунда практикалык тажрыйба алмашууга, көмөкчордондорду эксплуатациялоо учурунда жаралган актуалдуу маселелерди кароого, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну жогорулатууга бурулду.
Семинардын катышуучулары кесиптик багыттар боюнча баяндамаларды жасап, көмөкчондор кызматтарынын ишин уюштурууга байланыштуу практикалык маселелерди талкуулашты.