Чүй электр тармактар ишканасында — «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалында — коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелерине арналган жыйын болуп өттү.
Жыйынга ишкананын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын башчылары, райондук электр тармактарынын (РЭТ) жана электр энергиясын сатуу кызматтарынын башчылары катышты.
Жыйынды Чүй электр тармактар ишканасынын директору Доктурбай уулу Жолдошбек ачып, алып барды.
Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мыйзам талаптарын так сактоо, кызматтык этиканы кармануу жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу маселелери каралды.
Өзгөчө жетекчилердин жана кызматкерлердин жеке жоопкерчилигине, иш процессинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышына жана башка коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөөгө көңүл бурулду.
Жыйындын катышуучулары коррупциянын алдын алуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнүн жана кызматкерлердин укуктук маданиятын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Коррупциянын алдын алуу — ар бир кызматкердин өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусунан, мыйзамдарды сактоосунан жана ак ниеттүүлүк принциптерин кармануусунан башталат.
Коррупцияга каршы күрөшүү — ар бир кызматкердин жалпы жоопкерчилиги жана ишкананын натыйжалуу, ачык-айкын иш алып баруусунун маанилүү бөлүгү.