«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасынын Кант райондук электр тармактарында алдыдагы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын комплекстүү даярдоо иштери улантылууда. Иш-чаралар бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.
2026-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык 33 трансформатордук көмөкчордондо оңдоо жүргүзүү каралган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 15 оңдоо иштери толугу менен аяктады.
10 кВ аба электр берүү чубалгылары боюнча жылдык план 34,474 чакырымды түзсө, анын 26,73 чакырымы оңдолду. Ошондой эле 10 кВ аба электр берүү чубалгыларына техникалык тейлөө жылдык 375,852 чакырымдык пландын негизинде жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 166,35 чакырымы аткарылды.
Мындан тышкары, трансформатордук көмөкчордондорду техникалык тейлөө иштери да уланууда. Жылдык план боюнча 496 көмөкчордондо тейлөө жүргүзүү каралса, учурда 219 объектте иштер аткарылды.
Ошону менен катар капиталдык курулуш бөлүмүнүн алкагында бөлүштүрүүчү электр тармактарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 0,4 кВ аба электр берүү чубалгыларын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-2) менен жаңылоо боюнча жылдык 10,815 чакырымдык пландын негизинде 4,5 чакырымы, ал эми СИП-3 боюнча 6,8 чакырымдык пландын ичинен 1,5 чакырымы аткарылды. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 6 бөлүштүрүүчү шкафты алмаштыруу пландалган.
Пландалган иш-чаралардын ишке ашырылышы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, технологиялык жоготууларды азайтууга жана Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен керектөөчүлөрү үчүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө шарт түзөт.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор жаралса, төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү кайрылсаңыздар болот:
105 (чалуу акысыз)
+996 772 001209
+996 556 001209
+996 772 001209