Колл - борбор: 105

Беккожоев Жаныбек Маратович «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы – Чүй электр тармактар ишканасынын директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды

23 Июль 2026 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Илгиз Манатбековичтин буйругу менен «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы – Чүй электр тармактар ишканасынын директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары кызматына Беккожоев Жаныбек Маратович дайындалды.

Жаңы дайындалган орун басарды жамаатка «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Дуйшо уулу Уларбек тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда жаңы жетекчинин алдында ишкананын коммерциялык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана электр энергиясын сатуу багытындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттер турганы белгиленди.

Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана эмгек жамааты Жаныбек Маратовичти жаңы кызматы менен куттуктап, ага ийгиликтүү эмгек, кесиптик жетишкендиктерди жана энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү үзүрлүү ишмердүүлүктү каалашты.