Кыргыз Республикасынын "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамы 1998-ж. 07- июлу №88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ1998-жылдын 7-июлу № 88Энергияны үнөмдөө жөнүндө(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96,2013-жылдын 30 июлундагы № 175, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144,2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) I бөлүм. Жалпы жоболорII бөлүм. Энергияны үнөмдөө ишин мамлекеттик башкаруунун негиздериIII бөлүм. Энергияны үнөмдөө жагындагы стандартташтырууIV бөлүм. Энергияны үнөмдөөнүн экономикалык жана каржылык жол жоболоруV бөлүм. Энергияны үнөмдөө жагындагы ишти жүзөгө ашырууVI бөлүм. Эл аралык кызматташтык жана инвестициялык ишVII бөлүм. Энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөөVIII бөлүм. Энергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликIX бөлүм. Корутунду жоболор I бөлүмЖалпы жоболор Ушул Мыйзам энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун укуктук ченемдерин, ошондой эле бул саясатты ишке ашыруунун институттук, экономикалык жана маалыматтык жол-жоболорун түзүүнүн жана иштетүүнүн укуктук ченемдерин белгилейт. 1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары Ушул Мыйзамдын максаттары - отун-энергетика ресурстарын казып алууда, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, берүүдө (ташууда), сактоодо, бөлүштүрүүдө, керектөөдө (кайра өзгөртүүдө) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттар түзүү, чарбакер субъекттердин ортосундагы, ошондой эле мамлекет менен юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы энергия үнөмдөө жагындагы мамилелерин жөнгө салуунун эсебинен отун-энергетика ресурстарын керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет. 2-статья. Терминдердин аныктамалары Ушул Мыйзамда саналып өткөн терминдер төмөндөгүдөй маанилерге ээ:энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу - продукциянын сапатын жана чыгарылган санын төмөндөтпөстөн, продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигин сактоого, бул продукция үчүн зарыл болгон энергиянын санын кыскартууга багытталган иш;энергияны үнөмдөө - энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, энергияны өндүрүүдө, кайра түзүүдө, ташып барууда жана керектөөдө коромжулукту азайтууга багытталган жана чарбалык жүгүртүүгө энергиянын кайталанма булактары тартылган укуктук; уюштуруучулук, илимий, өндүрүштүк, техникалык жана экономикалык чараларды жүзөгө ашыруу;мамлекеттин энергияны үнөмдөө саясаты - энергияны үнөмдөө жагындагы ишти укуктук, уюштуруучулук жана финансылык-экономикалык жактан жөнгө салуу;энергетикалык ресурс - азыркы кезде пайдаланылып жаткан же келечекте пайдаланылышы мүмкүн болгон энергияны камтыган нерсе;энергетикалык паспорт - менчигинин түрүнө карабай ишканалардын энергетикалык чарбасынын ченемдик жана фактылай абалын чагылдыруучу техникалык документ;энергетикалык калдык ресурс - негизги өндүрүштүн көмөкчү продуктусу түрүндө алынуучу же ушундай продукт болуп эсептелүүчү энергетикалык ресурс;энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу - техника менен технологиялардын учурдагы өнүгүү деңгээлинде жана курчап турган чөйрөнү коргоого коюлуучу талаптарды сактоодо энергетикалык ресурстарды пайдалануунун кайтарымдуу натыйжалуулугуна жетишүү;энергиянын натыйжалуулугунун көрсөткүчү - ар кандай продукция үчүн мамлекеттик стандарттар, ар кандай ченемдик укуктук актылар, колдонулуучу жабдуулар үчүн технологиялык регламенттер жана паспорттук сын-сыпаттар тарабынан белгиленген энергетикалык ресурстарды керектөөнүн же жумшоонун абсолюттук же салыштырма чен-өлчөмү;энергетикалык ресурстардын өндүрүмсүз чыгымы - мамлекеттик стандарттар тарабынан белгиленген талаптарды сактабоо, ошондой эле башка ченемдик актыларда, колдонулган жабдуулар үчүн технологиялык регламенттерде паспорттук сын-сыпаттарда белгиленген талаптарды бузуу менен шартталган энергетикалык ресурстардын чыгымы;энергетикалык ресурстардын коромжулугу - энергетикалык ресурстардын жалпы жана алымдуу пайдаланылган санынын ортосундагы айырма;энергиянын кайталанма булактары - күндүн, шамалдын, суунун, жердин жылуулугунун, суу агымдарынын табигый кыймылынын энергиясы;отундун альтернативалуу түрлөрү - колдонулушу кыйла кымбат же таңсык энергетикалык ресурстарды керектөөнү алмаштыруучу отундун түрлөрү (кысылган жана суюлтулган газ, биогаз, генератордук газ, биомассаны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар жана башкалар);энергияны үнөмдөөчү технологиялар, жабдуу жана материалдар - жетишкен деңгээлге салыштырмалуу отун-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү технологиялар, жабдуу жана материалдар;энергияны үнөмдөө тармагындагы субъекттер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте энергетикалык ресурстарды, отун-энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн пайдалануу боюнча натыйжалуулугун жана сарамжалдуугун жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу, жана казып алуу, кайра иштетүү, ташып баруу, өндүрүү, сактоо менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)3-статья. Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө тууралу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө тууралу мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу ченемдик-укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)4-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу тармак Энергияны үнөмдөө тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун объектиси болуп иш жүрүмүндө келип чыккан мамилелер саналат, алар төмөнкүлөргө багытталган:- энергетикалык ресурстарды казып алууга, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, ташып барууга, сактоого жана керектөөдө аларды натыйжалуу пайдаланууга;- энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;- энергетикалык ресурстардын алда канча кымбат жана тартыш түрлөрүн алмаштырууга жөндөмдүү отундун теңтайлаш түрлөрүн казып алууну жана өндүрүүнү өнүктүрүүгө;- энергонатыйжалуу технологияларды, отун-энергия керектөөчү жана диагностикалык жабдууларды, конструкциялык жана изоляциялык материалдарды, энергетикалык ресурстардын чыгымдалышын эсепке алуунун жана алардын пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн приборлорду, энергиянын керектелишин автоматташтырылган башкаруу тутумдарын түзүүгө жана пайдаланууга;- берилген жана керектелген энергетикалык ресурстарды эсепке алуу бөлүгүндө өлчөөнүн тактыгын, шексиздигин жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга;- энергияны үнөмдөө боюнча, энергиянын жаңы булактары менен отун түрлөрүн, өлчөө каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтык камсыз кылууга жана энергетикалык ресурстардын чыгымдарын жөнгө салууга жана контролдоого;- энергияны үнөмдөө объекттерин техникалык ченемдөөнү жана метрологиялык камсыз кылууну жүзөгө ашырууга.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)II бөлүмЭнергияны үнөмдөө ишин мамлекеттик башкаруунун негиздери 5-статья. Энергияны натыйжалуу пайдалануу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясат:энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөрдүн, жабдып туруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштыруунун негизинде, анын ичинде өндүрүшкө дем берүүнүн жана , энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуучу техникаларды жана технологияларды, энергетикалык ресурстарды чыгымдалышын эсептөөчү жана контролдоочу приборлорду колдонуунун жардамы менен юридикалык жана жеке жактардын энергия үнөмдөөгө кызыкдарлыгынын экономикалык жана укуктук шарттарын түзүү;энергияны үнөмдөөчү мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана энергиянын кайталанма булактарын, отундун альтернативалуу түрлөрүн жана энергетикалык калдык ресурстарды, ошондой эле отунэнергетикалык ресурстардын пайдалануу жүрүмүндө калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кыла турган мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды пайдалануу;энергетикалык жактан өтө натыйжалуу көргөзмөлүү долбоорлорду ишке ашыруу;энергияны үнөмдөө жагындагы иштин экономикалык, маалыматтык, билим берүүчү жана башка багыттарын ишке ашыруу;энергетикалык ресурстардын өндүрүлүшүн жана чыгымдалышын эсептөө боюнча ар кандай түрдөгү бирдиктүү программаларды түзүү жана пайдалануу;энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагында эл аралык кызматташуу аркылуу камсыз кылынат.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруудагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:- энергияны үнөмдөө жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча энергияны үнөмдөөнүн мамлекеттик тутумунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн аныктоону;- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга ылайык Улуттук энергетикалык программаны ишке ашырууга контролду жүзөгө ашырууну;- компетенциясынын чектеринде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну;- энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын бекитүүнү.(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)6-1-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:- отунду жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максаттарында инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү;- энергияны үнөмдөө боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди координациялоону;- ушул жагындагы энергиянын натыйжалуу техникасын жана продукциясын, алдыңкы технологияны, башкаруу ыкмаларын жана илимий изилдөөлөрдү ишке киргизүүнү, энергиянын калдык ресурстарын жана таштандыларды утилдештирүүнү, ошондой эле күндүн, шамалдын, суунун энергиясын жана энергиянын башка булактарын пайдалануучу технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүүнү;- өнөр жайлык базаны өнүктүрүүгө жана энергияны эсептөө, контролдоо жана башкаруу приборлорунун, энергиялык жактан натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз энергетикалык орнотмолорду, курулуш материалдарын жана буюмдарды чыгарууга көмөк көрсөтүүнү;- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;- кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө сунуш кылуу менен энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын иштеп чыгууну координациялоону;- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-укуктук, усулдук жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгууну жана кайта жаңылануучу энергетикалык ресурстарды пайдаланууга түрткү берүүнү;- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурууну;- эл аралык кызматташууга катышууну.Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдү камтыйт:- отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн техникалык көзөмөлдү уюштурууну жана жүзөгө ашырууну;- электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөрдүн энергия менен жабдуучу уюмдардын тармагына кирүүсүн камсыз кылуу жана тармактардын иш режиминин зарыл болгон техникалык жана башка ченемдерин сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну.(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)7-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын энергияны үнөмдөө жагындагы ыйгарым укуктары Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык:- тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин чектеринде энергияны үнөмдөөнүн региондук жана тармактык программаларын ишке ашырат;- энергияны үнөмдөө жагында илимий изилдөөлөрдү уюштурат;- алардын аймагында жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын энергияны үнөмдөө программаларын аткаруу боюнча иштерин координациялайт.Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкактарында алардын тескөөсүндө турган имараттарда энергияны пайдалануунун, ошондой эле энергияны өтө натыйжалуу керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен үнөмдүү режимди камсыз кылуу үчүн жооп беришет.(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 8-статья. Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл Отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.Мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба болуп эсептелет.Энергиянын үнөмдөө жагында мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана республикада отундун жана энергиянын, отун - энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган ыйгарым укуктарын аткарылышы үчүн керектүү шарттарды түзүшөт.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)9-статья. Энергетикалык иликтөөлөр Энергетикалык паспортун жазып-каттап, уюмдарды энергетикалык жактан иликтөө, отундун жана энергиянын натыйжалуу пайдаланылышына баа берүү жана керектөөчүлөрдүн отун менен энергияга кеткен чыгымын азайтуу максатында жүргүзүлөт.Уюмдарды энергетикалык жактан иликтөөлөр милдеттүү түрдө жүргүзүлөт, алардын тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык белгиленет жана энергияны үдөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тарабынан ишке ашырылат.(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)10-статья. Энергетикалык экспертиза Мамлекеттик экспертиза энергияны натыйжалуу пайдаланууну ачык көрсөтүү, энергиянын эсебин алууну жана отун-энергетикалык комплексинин энергетикалык жабдууларынын коопсуздугун уюштуруу максатында жүргүзүлөт.Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасынын негизги милдеттери долбоордук чечимдердин стандартташтыруу боюнча ченемдик документтердин жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келүүсүнө баа берүү, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча каралган чаралардын жетиштүүлүгүн жана негиздүүлүгүн аныктоо болуп саналат.Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасына төмөнкүлөр жатат:- экономиканын тармактарын өнүктүрүү программаларынын долбоорлору, администрациялык аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды энергия менен жабдуунун схемасы;- жаңы курулуштарга жана иштеп жаткан ишканаларды, имараттарды, курулмаларды кеңейтүүгө (кайра жаңыртып курууга, техникалык кайра жабдууга, модернизациялоого) техникалык-экономикалык негиздөөнүн жана долбоорлоо - пландоочу документациялардын энерготехнологиялык бөлүгү.Энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик экспертизасын жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)11-статья. Отундун жана энергиянын эсебиАлынуучу, чыгарылуучу, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынат.Керектелүүчү энергетикалык ресурстардын эсебин алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.Энергетикалык ресурстардын керектелишинин чен-өлчөмүнө жана структурасына жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте статистика боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы уюштурат жана жүргүзөт.Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик статистикалык отчет берүүнүн үлгүсүн иштеп чыгат жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча отун-энергетикалык ресурстарды өндүрүүнүн жана керектөөнүн көлөмү менен номенклатурасы жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен уюмдар үчүн аларды пайдалануунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү тууралуу мамлекеттик статистикалык отчет берүүнү киргизүүнү камсыз кылат. (КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96, 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)III бөлүмЭнергияны үнөмдөө жагындагы стандартташтыруу 12-статья. Стандартташтыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын энергиялык жактан натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү киргизилет.Энергетикалык ресурстарды алуу, чыгаруу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо жана керектөө учурунда аларды натыйжалуу пайдалануунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле энергиянын имараттарды жылытууга, желдетүүгө, ысык суу менен жабдууга жана жарык кылууга кеткен чыгымдарынын көрсөткүчтөрү, өндүрүш процесстеринде энергияны пайдалануунун дагы башка көрсөткүчтөрү белгиленген тартипте тиешелүү ченемдик-техникалык документтерге киргизилет.(Үчүнчү бөлүк КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 13-статья. Стандартташтыруунун объекттери жана предметтери Энергияны натыйжалуу пайдалануу жагындагы стандартташтыруунун объекттери отундун жана энергиянын бардык түрлөрү, отун же энергия өндүрүүчү же керектөөчү же анын бир түрүн башка түрүнө айлантуучу жабдуу жана продукция болуп эсептелет.Стандартташтыруунун предметтери энергия жана продукция өндүрүүгө, технологиялык процесстерге жана иштер жүргүзүүгө жумшалган энергия номенклатурасы жана көрсөткүчтөрдүн маанилери болуп эсептелет. 14-статья. Чыгарылуучу жана ташылып келинүүчү жабдуулардын жана приборлордун энергия жагынан натыйжалуулугунункөрсөткүчтөрүн сактоого мамлекеттик контроль жана көзөмөл(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 15-статья. Энергияны керектөөнүн ченемдери Энергияны керектөөнүн ченемдери техникалык паспортторго, ремонттук жана режимдик карталарга, жабдууларды жана продукцияны пайдалануу боюнча нускамаларга милдеттүү түрдө киргизилет. Энергиянын имараттар менен курулмаларды жылытууга, желдетүүгө жана кондиционерлөөгө кеткен салыштырма чыгымынын ченемдери курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде белгиленет. Энергияны керектөөнүн ченемдиктери алдыңкы технологиялардын жетишкендиктерин эсепке алуу менен 3 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга жана оңдолуп түзөтүлүүгө тийиш.Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн стандарттарынын тутумдары ишке киргизилгенге чейин энергетикалык ресурстарды жумшоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерин менен ченемдиктерин колдонууга жол берилет.Отунду жана энергияны керектөөнүн ченемдеринин сакталышына контролду энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.(КР 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)16-статья. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин белгилөө Кандай болбосун арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)17-статья. Метрология Энергияны өндүрүүдө жана керектөөдө, ошондой эле аны сертификациялоодо милдеттүү түрдө мамлекеттик метрологиялык контроль жана көзөмөл жүргүзүлөт.Энергияны сарамжал пайдаланууну мамлекеттик метрологиялык жактан камсыз кылуу, аны өндүрүүдө жана керектөөдө өлчөм бирдигин камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин жана ченемдик документтерди камтыйт.Метрологиялык ченемдер жана эрежелер колдонулуучу объекттер мамлекеттик метрологиялык контролго жана көзөмөлгө алынат. IV бөлүмЭнергияны үнөмдөөнүн экономикалык жана каржылык жол-жоболору 18-статья. Энергияны үнөмдөөнү камсыздоонун экономикалык чаралары Энергияны үнөмдөөнү камсыздоонун экономикалык чаралары уюмдардын башкаруучулук жана чарбалык ишин энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана үнөмдөөгө багыттоого арналат жана атап айтканда төмөндөгүлөрдү:энергияны үнөмдөөчү программаларды жана долбоорлорду каржылоонун жол-жоболорун жана тартибин аныктоону;Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык энергетикалык ресурстарды ысырап пайдалануу үчүн экономикалык санкцияларды колдонууну камтыйт. 19-статья. Энергияны үнөмдөө боюнча иш-чараларды жана программаларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген энергияны үнөмдөөчү программалар, анын ичинде илимий изилдөөлөр, тажрыйбалык-конструкторлук иштер, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугу боюнча долбоорлор программаларга катышкан уюмдардын өзүнүн жана башкалардан алынган каражаттарынын, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондусунун каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каржыланат.Энергияны үнөмдөөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. 20-статья. Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фонду Энергияны сарамжал пайдалануу жагында мамлекеттик саясатка каржылык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттен тышкары Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фонду (мындан ары - Энергия үнөмдөө фонду) түзүлөт.Атайын Энергия үнөмдөө фонду энергия үнөмдөө программаларын жана Кыргыз Республикасынын энергия иштеп чыгаруучу, ташып баруучу, бөлүштүрүүчү жана башка энергокомпаниялардын чегерүүлөрүнүн аткаруунун эсебинен алынган каражаттардын эсебинен түзүлөт.Ошондой эле, Энергия үнөмдөө фондунун булактары:- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу максаттуу кошумчалары;- Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы компанияларынын акцияларын сатуудан түшкөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өткөрүлүп берилген акча каражаттары;- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген дагы башка кирешелер болушу мүмкүн.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)21-статья. Энергия үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарын пайдалануунун багыттары Энергия үнөмдөө фондунун каражаттары:турак-жай имараттарында, өнөр жай ишканаларында жана транспорт секторунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергияны үнөмдөө максатында инвестициялоо;- отунду жана энергияны алууда, чыгарууда жана ташууда энергиянын натыйжалуулугун жана энергия үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн инвестициялоо;- энергиянын натыйжалуулугу боюнча изилдөөчүлүк иш;- энергетикалык сектордо жаңы энергетикалык технологияларды же жаңы уюштуруучулук чечимдерин иликтөө жана текшерүү максатында көргөзмөлүү долбоорлорду уюштуруу;- энергияны үнөмдөөнүн потенциалына анализ жүргүзүү жана аны пайдалануунун артыкчылыктуу тармактарын тандоо;- тиешелүү долбоорлорго, биринчи кезекте отундун жана энергиянын чыгымдалышын эсепке алуучу, контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлорду жана техникалык каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү жагындагыларга колдоо көрсөтүү жолу менен отунду жана энергияны сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу максатында илимий-техникалык жана өндүрүштүк базаны өнүктүрүү;- энергияны үнөмдөөнүн ченемдик-техникалык базасын иштеп чыгуу;- энергияны үнөмдөө, жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү жагында илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструкторлук иштерди каржылоого катышуу;- энергияны үнөмдөө тармагында укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик жана укуктук актыларды иштеп чыгуу;- энергияны үнөмдөө боюнча кароо-конкурстарды өткөрүү;- тажрыйба алмашуулар боюнча семинарларды өткөрүү үчүн пайдаланылат. 22-статья. Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондун тескөөчүлөр Энергияны үнөмдөө фондусун тескөөчүлөрдүн Энергияны үнөмдөө фондусунун каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жана иш-милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)23-статья. Энергияны үнөмдөөгө түрткү берүү Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүү төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:- долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүнүн максималдуу үлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган социалдык маанилүү долбоорлорго Энергияны үнөмдөө фондусунан гранттарды берүү;- энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды өткөрүүгө сарпталган, анын ичинде энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалардын (долбоорлордун) алкагында курулуучу кайталанма булактарды пайдалануу менен энергетикалык түзүлүштөргө капиталдык сарпталган энергетикалык ресурстарга баалардын эсебин алуу;- тизмеги энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалып жана энергияны үнөмдөөчү техникалардын амортизациясынын, материалдардын, эсепке алуу приборлорун, энергетикалык ресурстарды контролдоонун жана жөнгө салуунун чен-өлчөмдөрүн белгилөө;- каржылык, техникалык жана башка акысыз салым кошуу же энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды ишке ашырууга энергияны үнөмдөө тармагынын субъекттеринин катышуусу;- биомассадан жана кайталанма булактарды пайдалануу менен иштеп чыгарылган электрэнергияга субсидия берүү.Энергияны үнөмдөө тармагындагы программаларга ылайык жүзөгө ашырыла турган курулмалар жана энергиянын кайталанма булактарын пайдалануучу энергетикалык орнотмолор үчүн электрэнергиясына баалар бул орнотмолорду энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган 7-жылдан 8-жылга чейинки мөөнөттө курууга капиталдык салымдардын өзүн актоосун камсыз кылууга тийиш.Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди аныктоо учурунда мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн энергияны үнөмдөөгө экономикалык негизделген чыгымдарын эске алууга тийиш. Көрсөтүлгөн каражаттарды топтоонун тартиби жана энергияны үнөмдөө долбоорлорун каржылоо максатында аларды керектөөчүлөр тарабынан пайдалануунун тартиби энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 24-статья. Энергиянын кайталанма булактарын пайдалануу Энергияны үнөмдөөчү уюмдарга кирбеген электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр энергияны үнөмдөөчү уюмдардын тармагына энергия берүүгө, ошондой эле ал тармактар аркылуу, энергия менен жабдуучу уюмдар жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган санак жана тармактардын жана борборлоштурулган энергия менен жабдуу булактарынын эң сарамжалдуу иш режимин камсыз кылуучу режимдерде энергия ташууга укуктуу болот. Энергия менен жабдуучу уюмдар көрсөтүлгөн энергия чыгаруучулардан өз тармактарына энергия кабыл алууну белгиленген тартипте коюлган баалар боюнча алууну камсыз кылууга милдеттүү.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269, 2013-жылдын 15-июнундагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)25-статья. Энергетикалык ресурстарды натыйжасыз керектөө үчүн жоопкерчилик Энергетикалык ресурстарды алууда, кайра иштетүүдө, өндүрүүдө, ташууда, сактоодо, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө натыйжасыз пайдалануу, ошондой эле энергетикалык жактан натыйжасыз жабдууларды жана материалдарды жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)V бөлүмЭнергияны үнөмдөө жагындагы ишти жүзөгө ашыруу 26-статья. Энергияны үнөмдөө жагындагы иштин субъекттери Энергияны үнөмдөө жагындагы иштин субъекттери менчиктин жана иштин бардык түрлөрүндөгү, энергетикалык ресурстарды чыгаруучу жана керектөөчү уюмдар болуп эсептелет.Бардык юридикалык жана жеке жактар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.Энергетикалык ресурстарды чалгындоо, казып алуу, чыгаруу, ташуу, сактоо, бөлүштүрүү жана керектөө ишин өнүктүрүү процесстерине дем берүү үчүн ушул Мыйзам тарабынан жеке менчиктик юридикалык же жеке жактардын энергияны үнөмдөөдөгү ролу таанылат жана аларга бирдей шарттар камсыз кылынат. VI бөлүмЭл аралык кызматташтык жана инвестициялык иш 27-статья. Энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.Энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары:чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен энергиялык жактан натыйжалуу технологияларды өз ара пайдалуу алмашуу;энергияны үнөмдөө жагындагы эл аралык долбоорлорго катышуу болуп саналат. VII бөлүмЭнергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөө 28-статья. Энергияны үнөмдөөнү маалыматтык жактан камсыздоо Энергияны үнөмдөө маалыматтык жактан:- энергияны үнөмдөө жагындагы Улуттук жана региондук программаларды талкуулоо;- энергетикалык натыйжалуулугу жогору көргөзмөлүү долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;- энергиялык натыйжалуулугу жогору жабдуулардын жана технологиялардын көргөзмөлөрүн уюштуруу;- энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө энергия үнөмдөө маселелери боюнча маалымат берүү;- энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үгүттөө жолу менен жүзөгө ашырылат. 28-1-статья. Билим берүү жана кадрларды даярдоо Орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү мекемелери, ошондой эле билим берүү ишмердигин жүзөгө ашыруу укугу бар кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо мекемелери энергия менен камсыздоо тармагындагы кызматкерлерди окутуу жана даярдоо боюнча программаларда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун негиздерин, анын ичинде энергиянын кайталанма булактарын жана отундун теңтайлаш түрлөрүн натыйжалуу пайдалануунун негиздерин алдын ала кароого тийиш.(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы № 269 Мыйзамынын редакциясына ылайык)VIII бөлүмЭнергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик 29-статья. Энергияны үнөмдөө тууралу Кыргыз Республикасынын мый-замдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. IX бөлүмКорутунду жоболор 30-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга шайкеш келтирилгенге чейин, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев