03.04.2025
“КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Жайыл райондук электр тармагы 2025-жылы Жайыл районундагы 86 даана трансформаторду жана 105 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрөт. Мындан тышкары энергетиктер 575 даана трансформатордук көмөкчордонду, 958 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштерин жүргүзүшөт.
Капиталдык курулуш иштеринин алкагында райондо 26 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылат. Учурда 621 даана темир-бетон мамылары орнотулуп бүттү.
Бул иштер Жайыл районунун керектөөчүлөрүн сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
Эске сала кетсек, энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн даярдыктарды көрүшөт.
Оңдоо иштеринин графиги Чүй электр тармактар ишканасынын www.chupes.nesk.kg/ru/ расмий сайтында жана“Мой свет” тиркемесинде, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, Сиз биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу-борборуна төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 1209, 105, 0772-001209, 0702-001209, 0556-001209.
Маалымат үчүн: Жайыл райондук электр тармагы Кара-Балта шаарында жана 34 айылда жашаган 33947 абонентти тейлейт. 33947 абоненттин 32332 абоненти турмуш-тиричилик, 1615 өндүрүш абоненттери.