Бүгүн, 20-декабрда Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында 22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамы жана Кыргыз энергетикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Майрамдык иш-чараны Чүй электр тармактар ишканасынын директору Данияр Шабданов ачып, Энергетиктерди кесиптик майрамы жана каирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
Энергетиктерди кесиптик майрамы менен бир катар сыйлуу коноктор куттуктап келишти. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Самат Исманов да куттуктап, энергетиктердин ишине ийгилик каалап, ишкананын алдыңкы кызматкерлерине “Ардак грамоталарын” тапшырды. Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева айым дагы энергетиктерге жылуу сөзүн арнап, бир катар эл аралык сыйлыктарын тапшырды.
Ишкананын башкы инженери Шамил Матаев, директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Убайдылда Уметов, капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басар Мирсталбек Ногоевдер да жалпы жамаатка куттуктоо сөздөрүн айтышып, кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, бакыт-таалай, тынччылык жана аманчылык каалашты.
Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Жогорку Кеңештин, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин, Энергетика көзөмөл кызматынын, “Кыргызстан улуттук электр тармагынын”, Чүй электр тармактар ишканасынын Ардак грамота, медалдары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.