Колл - борбор: 105

28-апрель — Эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнү

28 Апрель 2026 ж.

Жыл сайын 28-апрелде дүйнө жүзүндө Эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнү белгиленет . Бул дата 2003-жылы Эл аралык эмгек уюмунун демилгеси менен эмгекчилердин коопсуздугу жана саламаттыгы маселелерине көңүл буруу максатында белгиленген.

Бул күндүн тарыхы өндүрүштө каза болгон жана жабыркаган кызматкерлерди эскерүү күнүнө байланыштуу 1996-жылдан тартып кесиптик бирликтер белгилеп келишет. Негизги максат — өндүрүштүк жаракат алуулардын алдын алуу жана коопсуз эмгек маданиятын калыптандыруу .

Чүй электр тармактар ишканасында жана анын бардык түзүмдүк кызматтарында да бул күн белгиленди. Коопсуздук техникасы боюнча нускамалар өткөрүлүп, техника коопсуздугун сактоо тууралуу видео ролик көрсөтүлүп, кызматкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмгекти коргоо талаптарын сактоого көзөмөл күчөтүлдү.