"КУЭТ" ААКнын филиалы - Чүй электр тармактар ишканасынын Жайыл РЭТинин электр тармактарын оңдоо цехинин энергетиктери тарабынан электр жабдууларын техникалык тейлөөдөн өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул комплекстүү иштер электр тармактарынын иштешин камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.
Өткөрүү графиги электр жабдууларынын кубаттуулугуна, жүктөмүнө, абалына жана жашына жараша болот.
Электр орнотмолорунун үзгүлтүксүз, ишенимдүү,коопсуз жана үнөмдүү иштешин камсыз кылуу жана аларды эксплуатациялоо мезгилинде техникалык жактан оң абалда кармоо электр жабдууларын тейлөө сапатына көз каранды.
Оңдоо цехинин (электр цехинин) кызматкерлеринин милдеттерине сапаттуу оңдоо (капиталдык жана учурдагы), ошондой эле профилактикалык сыноолорду жана текшерүүлөрдү жүргүзүү кирет.