Колл - борбор: 105; 1209

Чүй электр тармактар ишканасында мамлекеттик тил күнү белгиленди

23 Сентябрь 2024 ж.

Бүгүн, 23-сентябрь күнү “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын жыйындар залында мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди.

Иш-чараны ишкана жетекчиси Данияр Шабданов ачып, мамлекеттик тил күнү менен бардык кесиптештерди куттуктап өттү.

Кийин сөздү “Кыргыз тили” коомунун презинденти Райымжан Курбанов агай алып, кыргыз тили жана патриоттук ырлардан окуп, олтургандарды мекенчил болууга, кыргыз тилин баалап-барктоого чакырды.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тилинин өсүп өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жана ишиндеги ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер “Ардак грамотасы” менен сыйланды.