Чүй электр тармактар ишканасынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлдү

15 Ноябрь 2023 ж.


Ай бир айдын экинчи шейшембисинде Чүй электр тармактар ишканасынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлөт 

Бул күнү кызматкерлер авариялык жумуштардан башка, бардык жумуштардан бошотулат.

 Кызматкерлер менен иштөө күнүндө кызматкерлер өткөн айдагы иштеринин жыйынтыгын чыгарып, эмгекти коргоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча буйруктар, нускамалар жана башка көрсөтмө документтер менен таанышышат.
 Андан тышкары жетекчилер тарабынан инструктаждарды алышып, техникалык, авариялык жана өрткө каршы окуулардан өтүшөт.
Буга кошумча өлкө аймагындагы энергетика тармагында ар кандай авариялык абалдар боюнча изилдөө-талкуулар жүргүзүлөт. Ошондой эле, энергетиктер жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүшөт.

 Ар бир РЭТте жана түзүмдүк бөлүмдөрдө кызматкерлер менен иштөө күнүнүн жыйынтыгы инструктаждардын, авариялык жана өрткө каршы окуулардын журналдарына киргизилет.