Колл - борбор: 105

Чүй облусуна — 100 жыл!

9 Октябрь 2026 ж.

      Чүй облусу — Кыргызстандын экономикалык, өнөр жай, айыл чарба жана маданий өнүгүүсүндө өзгөчө орду бар аймак. Кылымга тете тарыхында облусубуз элибиздин эмгеги, биримдиги жана аракетинин аркасында өнүгүүнүн чоң жолун басып өттү.

Бүгүнкү күндө Чүй облусу өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп, өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана инфраструктура тармактарында маанилүү ролду аткарып келет. Облустун жетишкендиктеринин артында өз ишине берилген, эмгекчил жана мекенчил адамдардын үзүрлүү эмгеги турат.

Бул тарыхый маараке — өткөн жолубузду сыймык менен эскерип, бүгүнкү жетишкендиктерди баалап, келечекке ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түзгөн өзгөчө учур.
Жүз жылдык тарыхы бар Чүй облусунун мындан аркы өнүгүүсүнө, элибиздин бакубат жашоосуна жана аймактын гүлдөп-өсүшүнө тилектешпиз!

Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси кут болсун!

Элибизде тынчтык, ынтымак жана береке болсун! Чүй жергеси мындан ары да өнүгүп, келечек муундар үчүн жаркын келечектин мекени болсун!