Колл - борбор: 105; 1209

Чүй облусунда күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 70 пайызга аяктады

3 Сентябрь 2024 ж.

3-сентябрь

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын энергетиктери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 70 пайызга аяктады.

Энергетиктер капиталдык оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 23 көмөк чордон, 520 даана трансформатордук көмөк чордон, 505 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүшту.

Андан тышкары 96 көмөк чордон, 3064 даана трансформатордук көмөк чордон, 3898 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.

Ал эми капиталдык курулуш иштеринин алкагында 3,5 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылып, 35 кВ “Орто-Алыш - 25 лет Кыргызстан” аба чубалгысынын 6,5 чакырымы алмаштырылды.

“Манас” көмөк чордонунда май өчүргүчтөрдүн ордуна заманбап элегаз өчүргүчтөр орнотулса, “Ивановка” көмөк чордонунда бөлүштүрүүчү КРУН толугу менен алмаштырылды.

Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Учурда Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 295 900 абонентти тейлейт, анын ичинен 279 664 абонент - турмуш тиричилик, 16 236сы өндүрүш абоненти.

Электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет. Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.