Энергетикалык инфраструктураны модернизациялоонун алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактары ишканасынын (Чүй ЭТИ) үч көмөкчордонунда күч трансформаторлору кубаттуулугу жогору болгон жаңы жабдууларга алмаштырылды. Жаңы трансформаторлордун номиналдык кубаттуулугу 16 МВАны түзөт.
Жаңылоо иштери төмөнкү көмөкчордондорунда жүргүзүлдү:
35/10 кВ «Калининская» көмөкчордонунда Т-2 трансформатору 10 МВАдан 16 МВАга алмаштырылды. Аталган көмөкчордон Жайыл районун жана Кара-Балта шаарын электр энергиясы менен камсыздайт.
35/10 кВ «Люкс» көмөкчордонунда кубаттуулугу 6,3 МВА болгон трансформатор 16 МВАлык жаңы трансформаторго алмаштырылды. Көмөкчордону Кант шаарын жана Киргшелк айылын электр энергиясы менен камсыздайт.
35/10 кВ «Военно-Антоновка» көмөкчордонунда Т-2 трансформатору 10 МВАдан 16 МВАга алмаштырылды. Аталган көмөкчордон Сокулук районунун Кожомкул айылын электр энергиясы менен камсыздоосун жакшыртат.
Жаңы жабдуулар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында сатылып алынып, Кытайдан жеткирилген.
Трансформаторлорду алмаштыруу көмөкчордондордун кубаттуулугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана электр тармактарындагы өсүп жаткан жүктөмдү көтөрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоодо маанилүү кадам болуп саналат.
Чүй ЭТИ керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылуу максатында энергетикалык жабдууларды жаңылоо иштерин улантууда.