Колл - борбор: 105; 1209

Чүй электр тармактар ишканасы 1-октябрь карылар күнү менен куттуктайт

1 Октябрь 2024 ж.

Карысы бардын ырысы бар!

Кымбаттуу биздин аксакалдуу аталар жана ак элечек энелер! Кадырман карылар!

Сиздерди бүгүнкү 1-октябрь карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.

Ар бирибиздин жүрөгүбүздө акылы кенч аталарыбызга, мээримдүү апаларыбызга ыраазы болгон сезим жашасын. Сиздерге сыйыбыз чексиз.

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр каалап, төрүбүздүн көркү болуп, Кыргызстан калкына ак батаңыздарды берип жүрө беришиңиздерге тилектешпиз.

Дөөлөттүү карылык сүрүңүздөр, эсен жүрүңүздөр!