Колл - борбор: 105; 1209

Чүй электр тармактар ишканасы Энелер күнү менен куттуктайт

17 Май 2024 ж.

Урматтуу айымдар, кымбаттуу энелер!

Керемет майрам – Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар!

Эне болуу бул чоң жоопкерчилик жана күнүмдүк берилген эмгек, чексиз сабырдуулук, сезимталдык жана акылмандык. Эненин мээрими ишенимдүү, кубаттуу күч, жол көрсөтүүчү, жашоонун бардык кыйынчылыктарын жеңүүдө жашоодо жөлөк болуп келет.

Ушул жаркыраган жана майрамдык күнү сиздерге чын жүрөктөн чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз. Үйүңүздөр жайлуулукка толуп, ар дайым үй-бүлөңүздөрдүн жана жакындарыңыздын көңүл бурушуна, түшүнүүсүнө жана сүйүүсүнө бөлөнсүн.