Колл - борбор: 105

Чүй ЭТИде семинар өткөрүлдү

10 Март 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасында жетекчилердин, райондук электр тармактарынын, электр энергия сатуу кызматтарынын, Көмөкчордон кызматтарынын, өндүрүштүк кызматтардын жана бөлүм башчыларынын жана кызматкерлердин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин өкүлү милициянын майору М.Карабаев «Кыргыз Республикасында экстремизмге каршы күрөшүү жана этностор аралык чыр-чатактарды алдын алуу» темасында семинар-жыйын өткөрдү.
Семинар-жыйындын жүрүшүндө:
- Негизги түшүнүктөр:
- Себептери жана түрлөрү;
- коркунучтар жана кесепеттер
- Каршы аракеттер жана жоопкерчилик
- Экстремизм кылмыштары үчүн жоопкерчилик
- Кыргыз Республикасынын аймагында экстремизмдин көрүнүшүнүн мүмкүн болгон кырдаалдар талкууланын, катышуучулар учурдагы мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты жана эмгек жамааттарында жана жалпы коомдо экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын талкуулашты.