Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара Сокулук айылындагы ипподромдо өткөрүлдү. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасынын (Чүй ЭТИ) энергетиктери майрамдык аянтчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылышты.
Майрамга даярдык көрүү алкагында Сокулук райондук электр тармактарынын кызматкерлери төмөнкү иштерди аткарышты:
16 даана СВ-110 темир-бетон тирөөчтөрүн орнотушту;
830 метр СИП-2 зымын тартышты;
3 электр калканын орнотушту;
27 боз үйдү жана 4 чатырды электр энергиясына туташтырышты;
көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 20 чырак орнотушту;
кубаттуулугу 100 кВт болгон генераторду даярдашты.
Иш-чара учурунда Чүй ЭТИнин адистери майрамдык аянтчада нөөмөттө турушуп, электр жабдууларынын иштешин көзөмөлдөштү. Бул майрамдын жүрүшүндө электр энергиясынын туруктуу берилишин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Энергетиктердин алдын ала жүргүзгөн даярдык иштеринин натыйжасында майрамдык иш-чара электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.