Колл - борбор: 105; 1209

Санариптештирүү - өнүгүүгө карай кадам!

1 Февраль 2024 ж.

Чүй электр тармактар ​​ишканасы – “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомунун филиалы мамлекет башчынын санариптештирүү саясатын колдоп, сапаттуу онлайн тейлөө максатында керектөөчүлөргө смарт эсептегичтерди орнотууда.

Чүй электр тармактар ​​ишканасынын адистери Сокулук жана Аламүдүн райондоруна 7091 акылдуу эсептегичтерди орнотушту.

Бүгүнкү күндө санариптештирүүнүн алкагында Чүй облусунда 74 миң 137 акылдуу эсептегич орнотулду.

Эски эсептегичтен акылдуу эсептегичтин айырмасы – ал автоматтык түрдө жана реалдуу убакыт режиминде компаниянын серверине көрсөткүчтөрдү жөнөтүп, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Белгилей кетсек, орнотулган акылдуу эсептегич менен ишкананын дистанциялык тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.Бул иштер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.