Бүгүн, 11-февралда "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иштөө күнү болду.
Ар бир айдын 2-шейшенби күнү ишкананын бардык кызматкерлери менен иштөө күнү болуп турат. Белгилүү болгондой бул күнү, авариялык учурлардан тышкары бардык кызматкерлер иш алып барышпайт.
Кызматкерлер менен иштөө күнү коопсуздук эрежелери, өрткө каршы чара көрүү боюнча окууларды өткөрүшөт. Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын адистери окуулардын өтүшүн, интруктаждардын сапаттуу жүрүшүн көзөмөлдөп турушат.
Өндүрүш кызматынын кызматкерлер менен иштөө күнү өткөн айдын жыйынтыгын чыгаруу, инструктаж өтүү, коопсуздук боюнча теориялык окуулар менен коштолот.
Андан тышкары коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо боюнча документтер, буйруктар менен таанышууга да убакыт каралган.
Кызматкерлер көбүнчө теориялык окуудан практикалык окууга басым жасашат. Алар биринчи көргөзүлчү жардам, өрткө каршы, кырсыктарга каршы практикалык машыгууларды өткөрүшөт.
Белгилей кетчү жагдай, Чүй электр тармактар ишканасынын түзүмдөрүндөгү өтүп жаткан окуулар, интруктаждар жана кызматкерлердин билимин текшерүүлөр энергетикалык компаниялардын эрежелерине ылайык өтүүдө. Ар бир түзүмдүн Кызматкерлер менен иштөө күнүнүн жыйынтыгы өрткө каршы, кырсыктарга каршы, интруктаж журналдарына катталат.