Колл - борбор: 105; 1209

Чүй ЭТИнин директору Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондорунун активдери менен жолугушту

15 Август 2023 ж.

 

Негизги тема — энергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгы, берилген лимиттердин сакталышы, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана санариптештирүү багытында ишке берилген "Мой свет" мобилдик тиркемесин ишке киргизүү.

Жолугушууга Чүй электр тармактар ишканасынын директору Улан Астаркулов, ар бир райондун РЭТ жетекчилери, электр энергиясын сатуу кызматынын башчылары, Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондук администрация башчылары, орун басарлары жана айыл өкмөт жана айыл башчылары катышты.
Жыйын башында Ысык-Ата, Москва, Жайыл райондорунун РЭТ жетекчилери 6 айдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына маалымат берди.
Кийинки сөздү Чүй ЭТИнин директору Улан Астаркулов алып, жергиликтүү бийлик органдарына берилген лимитти сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана санариптештирүү багытында ишке берилген "Мой свет" мобилдик тиркемеси боюнча иш алып баруу боюнча кайрылуу жасап, биргеликте иш алып баруу сунушун берди.

Мамлекеттик администрация башчылары жана айыл өкмөт башчылары энергетиктердин кайрылуусун кабыл алып, энергетиктер менен ар кандай маселелерде тыгыз иш алып барып, берилген лимиттерди сактоо жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча жер-жерлерде иш алып барарын билдирди.

Жолугушуу айыл өкмөт башчыларынын берилген ар кандай суроолору, РЭТ жетекчилеринин жооптору жана мындан ары бардык маселелерди биргеликте чечүү жана иш алып баруу чечими менен жыйынтыкталды.

Эске сала кетсек, бүгүнкү жолугушуу жыйынтыктоочу жолугушуу болду. Чүй электр тармактар ишканасынын директору Улан Астаркулов облустун бардык райондорунун активдери менен жолугуп, энергетиктердин күз-кыш мезгилине даярдыгы, берилген лимиттердин сакталышы, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча маалымат берип, жолугушууларды өткөрдү.