«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин чыгарган буйругуна ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп Доктурбай уулу Жолдошбек дайындалды.
Жаңы жетекчини жааматка «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Матаев Шамиль Нурбекович тааныштырды.
Чүй электр тармагы ишканасынын жетекчилиги жана жамааты жаңы дайындалган башкы инженерди куттуктап, ага жаңы кызматында ийгиликтерди жана жогорку кесиптик жетишкендиктерди каалашты.