«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбековичтин чыгарган буйругуна ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын директору болуп Доктурбай уулу Жолдошбек дайындалды.
Жаңы жетекчини жааматка «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Дуйшо уулу Уларбек тааныштырды.
Чүй электр тармагы ишканасынын жетекчилиги жана жамааты жаңы дайындалган директорду куттуктап, ага жаңы кызматында ийгиликтерди жана жогорку кесиптик жетишкендиктерди каалашты.