Эл аралык марафондо 3-орунду уткан Жамиля Орозова жетекчилик тарабынан сыйланды

15 Ноябрь 2023 ж.

 Эл аралык марафондо 3-орунду уткан Жамиля Орозова жетекчилик тарабынан сыйланды   Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Түркиянын болбор шаары Стамбулда өткөн чуркоо боюнча эл аралык марафонго катышып, байгелүү 3-орунду ээлеген Жамиля Орозова Энергетика министрлиги жана Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилиги тарабынан грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

 Эске сала кетсек, биздин кесиптеш, энергетик айым Жамиля Орозова 55-59 жаштагылар арасындагы 4 миңден ашуун күлүк катышкан, эң узун 42,2 километр аралыкты тандады. Жамиля Орозова 42 километр, 195 метр аралыкты 4 саат, 12 минут, 55 секундда чуркап келип, 3-орунду ээледи! Сыйлык сиздики - сыймык энергетиктердики!  Чүй ЭТИ жетекчилиги жана эмгек жамааты Жамиля Орозованы сыйлыгы менен куттуктап, чың ден соолук, ишине ийгиликтерди жана алдыда дагы жеңиштерди каалайт.