Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын модернизациялоо жана электр тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды.
25 метрлик FAW TIGER үлгүсүндөгү автокөтөргүч;
SHANMON 388 үлгүсүндөгү экскаватор-жүктөгүч – механизация жана автотранспорт кызматына берилди;
SUZU NPR 75L-RK үлгүсүндөгү автоунаа – курулуш-монтаждоо участогуна бөлүштүрүлдү;
ISUZU NPR 75L-RK үлгүсүндөгү автоунаа – көмөкчордондор кызматына берилди;
Дагы бир ISUZU NPR 75L-RK үлгүсүндөгү автоунаа – Чүй электр тармактар ишканасынын көмөкчордондор кызматына тапшырылды.
Автопарктын жаңыланышы электр тармактарын тейлөөнүн ыкчамдуулугун жана сапатын жогорулатууга, авариялык-калыбына келтирүү иштерин тездетүүгө, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны капиталдык куруу жана оңдоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.
Аталган программаны ишке ашыруу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.