Колл - борбор: 105; 1209

Чүй энергетиктери штаттык режимде иш алып барууда

14 Январь 2025 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо жана авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында штаттык режимде иш алып барууда. 500/220/35 кВ “Кемин” көмөкчордонда күн сайын 2 нөөмөтчү, 6 электр мискер, 3 инженер ишке чыгып, электр жабдуулардын иштешин текшерүүдөн өткөрүүдө. Андан тышкары жооптуу кызматкерлерден нөөмөт уюштурулган.

Ар кандай штаттан тышкаркы кырдаалдар кырдаалдан чыгуу үчүн ыкчам топтор түзүлүп, кезек менен нөөмөттө турушат. Ыкчам топтор электр жабдууларын оңдоого тиешелүү запастык бөлүктөр менен камсыз болгон. Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусу боюнча 295 900 кардарды тейлейт. Анын ичинен өндүрүштүк – 16 236, турмуш тиричилик– 279 664. Учурда Чүй облусу боюнча эч кандай өчүрүүлөр жок.

Эгер авариялык өчүрүү орун алса же электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болгон болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү Чалуу-борборуна 1209, 105 номерлерине, ошондой эле мобилдик операторлордун 0772 001209, 0702 001209 номерлерине кайрылсаңыз болот, же WhatsApp 0556 001209 номерине жазып, маалымат алсаңыз болот.

Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет, электр энергиясын керектөөнүн ашыкча өсүшү электр тармактар жабдууларына чоң жүктөмдөргө алып келиши мүмкүн.

Керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана бир эле учурда бир нече электр энергияны көп талап кылуучу шаймандарды колдонбоого чакырабыз.