“КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Сокулук РЭТинин энергетиктери Асылбаш айылындагы кыйшайып калган темир-бетон электр мамысын түздөө иштерин жүргүзүштү.
Энергетиктер керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн ар дайым электр чубалгылары менен электр мамыларынын абалын текшерип турушат. Эгер электр жабдууларында кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо, жеринен оңдолуп, калыбына келтирилет.
Кызматыбыз эл үчүн!