Күндүн суушу менен электр энергиясын керектөө да өсө баштайт. Демек, урматтуу абонент электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу мезгили келди.
Урматтуу абоненттер!
«Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Чүй электр тармактар ишканасы бардык абоненттерден электр энергиясына туура мамиле кылууга чакырат.
Бир эле учурда бир нече электр энергиясын көп керектеген жабдууларды колдонбоого, электр энергиясын пайдалануу эрежесин сактоого, белгиленген лимиттерден ашпоого чакырабыз.
Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу энергетиктерди колдоо эле эмес, үй-бүлөлүк бюджетке да пайдалуу!