Колл - борбор: 105

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасы 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгын чыгарды

8 Апрель 2026 ж.

2026-жылдын 8-апрелинде Чүй электр тармактар ишканасынын чоң жыйындар залында, Чүй ЭТИнин жетекчилигинин, бардык бөлүм, РЭТ, ЭЭСК, өндүрүштүк кызматтарынын башчыларынын жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү. 

Жыйынды ишкананын директору Доктурбай уулу Жолдошбек ачып, квартал ичинде аткарылган иштер боюнча жалпы маалымат берди. Андан соң сөз  тиешелүү бөлүм башчыларына узартылды.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралды:

капиталдык жана техникалык оңдоо иштеринин аткарылышы;

авариялык өчүрүүлөрдүн анализи, алардын себептери талкууланып, авариялык очүрүүлордү алдын алуу боюнча конкретүү сунуштар каралды;

капиталдык курулуш боюнча пландалган иштердин аткарылышы;

«Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн, бухгалтериянын отчеттору;

электр энергиясын сатуу, ишке ашыруу жана балансынын анализи;

акча каражаттарын чогултуу планынын аткарылышы;

дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралар;

I квартал үчүн жоготуулардын нормативдеринин аткарылышы. Техникалык жоготууларды азайтуу боюнча конкреттуу сунуштар талкууланды.

Ар бир багыт боюнча тиешелүү бөлүм башчылары кеңири баяндама жасап, жетишкендиктер  жана көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында жетекчилик тарабынан кызматкерлерге так тапшырмалар берилип, алдыдагы мезгилге карата негизги багыттар аныкталды. Ошондой эле электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыздоо, жоготууларды азайтуу боюнча конкретуу тапшырмалар берилди жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.