Колл - борбор: 105

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Чүй облусунда объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо уюштурулду

14 Сентябрь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өлкө боюнча 100 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышы болуп өттү.

Чүй облусунда иш-чарага карата  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалыЧүй электр тармактар ишканасынын тейлөө аймагындагы социалдык жана өндүрүштүк объектилер даярдалды.

Социалдык объектилердин катарында Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты, ошондой эле Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы спорт комплекси бар.

Мындан тышкары, Москва, Сокулук, Кант, Чүй, Ысык-Ата жана Жайыл райондорунда асфальт-бетон, пеноблок өндүрүүчү ишканалар, куюу цехтери жана башка өндүрүштүк объектилер ишке киргизилди.

Ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылуу максатында Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан ачылышы пландалган объектилерде нөөмөттөгү бригадалардын иштөөсү уюштурулду.

Айрым объектилерге кошумча резервдик генераторлор орнотулуп, күтүүсүз кырдаал жаралган учурда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө даярдык камсыздалды.

ЧүйЭТИнин адистери электр жабдууларынын абалын жана электр менен камсыздоонун параметрлерин көзөмөлдөп, мүмкүн болгон авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр турушту.

Жүргүзүлгөн даярдык иштеринин жана уюштурулган нөөмөттүн натыйжасында салтанаттуу иш-чаралар учурунда жана объектилерди пайдаланууга берүү мезгилинде ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо камсыздалды.

Чүй электр тармактар ишканасы аймактарды өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, социалдык жана өндүрүштүк инфраструктура объектилерин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону улантууда.