Чүй электр тармактар ишканасынын командасы — «Эң мыкты видеовизитка» номинациясынын жеңүүчүсү.
26 Декабрь 2025 ж.
«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» программасын ишке ашыруу алкагында бүгүн, 26-декабрда, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратында жаш адистер арасында инженердик чемпионаттын финалдык этабы болуп өттү.
Финалдык этапта командалар алдын ала даярдалган видеовизиткаларын жана белгиленген темалар боюнча презентацияларын сунуштап, кесиптик билимдерин, инженердик чечимдерди табуу жөндөмдөрүн жана команда менен иштөө ыкмаларын көрсөтүштү.
Чемпионатта Чүй электр тармактар ишканасын «Энергоинтеллект» командасы өкүлчүлүк кылды.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча «Энергоинтеллект» командасы «Эң мыкты видеовизитка» номинациясында жеңүүчү деп табылды. Бул жеңиш катышуучулардын жогорку даярдык деңгээлин, креативдүү мамилесин жана ишкананын ишмердүүлүгүн заманбап жана сапаттуу деңгээлде тааныта билгендигин тастыктайт.
Мындан тышкары, чемпионаттын катышуучуларына профсоюздук комитет тарабынан эстелик белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чүй электр тармактар ишканасынын инженердик чемпионатка катышуусу жана өзүнчө номинациядагы жеңиши жаш адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана энергетика тармагынын кадрдык потенциалын калыптандырууга өбөлгө түзөт.