Колл - борбор: 105; 1209

Чүй электр тармактар ишканасы кесиптик чеберчилик боюнча мелдеште 1-орунду жеңди

17 Сентябрь 2024 ж.

2024-жылдын 13-15-сентябрь күндөрү “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын окуу-өндүрүштүк базасында 0,4/10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо бригадалары арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өттү.

Мелдешке Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Бишкек электр тармактар ишканасынын командалары катышты. Бул мелдешке бардык командалар мыкты даярданышкан. 7 этаптан турган мелдеш курч атаандаштыкта өтүп, Чүй электр тармактар ишканасынын ыкчам-оңдоо бригадасы 8 команданын ичинен кесиптик чеберчилиги жогору экендигин далилдеп, 1-орунду жеңип, автоунаа жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мындан тышкары Чүй электр тармактар ишканасынын ыкчам-оңдоо бригадасы кызматкерлери төмөнкүдөй номинацияларга ээ болду.

  • «Эң жаш катышуучу» - Орунбеков Адилет Рустамович, Чүй электр тармактар ишканасынын электр куроочусу;
  • «Мыкты устат» Чүй электр тармактар ишканасынын устаты Тилек уулу Азирет;
  • «Жаңы ачылышты ойлоп тапкандыгы үчүн» - Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери.

Сыйлык ээлери “Ардак грамотасы” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК уюштурган кесиптик чеберчилик боюнча мелдештер ишканалар ортосундагы ынтымакты бекемдеп, кесиптик чеберчилик боюнча тажрыйба алмашууга шарт түзөт.