«Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Илгиз Манатбековичтин буйругу менен Чүй электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча башкы директорунун орун басары кызматына Максутов Мирлан Азимбаевич дайындалды.
Жаңы дайындалган орун басарды жамаатка «КУЭТ» ААКнын башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы орун басары Адиев Искандер Уранбекович тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда жаңы жетекчинин алдында капиталдык курулуш багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү жана ишкананын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттер турганы белгиленди.
Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана эмгек жамааты Мирлан Азимбаевичти жаңы кызматы менен куттуктап, ага ийгиликтүү эмгек, кесиптик жетишкендиктерди жана энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү үзүрлүү ишмердүүлүктү каалашты.