Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформа жана энергетика тармагын жаңылоого багытталган иш-аракеттердин алкагында Кыргызстандагы эң кубаттуу көмөк чордондордун бири 500 кВ “Фрунзе” көмөк чордонунда 2025-жылга карата 6даана авто трансформатор жана 76 жабдыкты утурумдук оңдоо, 11 даана жабдыкты капиталдык оңдоо пландаштырылган.
Учурда ишкананын көмөк чордон кызматынын кызматкерлери тарабынан 3 авто трансформатор, 32 даана электр жабдыгы утурумдук оңдоодон, 7 даана электр жабдыгы капиталдык оңдоодон өттү. Башкача айтканда, учурда 500 кВ “Фрунзе” көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине карата пландаштырылган иштердин 45 пайызы аяктады. Калган капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө иштери 1-ноябрга чейин аяктайт.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.
Маалымат:
Чүй облусунун Чалдыбар айылында жайгашкан “КУЭТ” ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын 500кВ “Фрунзе” көмөк чордону 1978-жылы декабрь айында ишке киргизилген. Көмөк чордон Чүй облусун жана борборубуз Бишкек шаарын электр жарыгы менен камсыздайт. “Фрунзе” көмөк чордону Кыргызстандагы кубаттуу 4 көмөк чордондун бири болуп саналат.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.