Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы чубалгылар кызматынын электр куроочулары 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 13000 даана изоляторлорду алмаштырып, 287 чакырым аба чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүп, 2300 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрөт.
2023-жылы энергетиктер тарабынан 12252 даана эскилиги жеткен жана жарактан чыккан изоляторлор алмаштырылган.
Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.
Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.
Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат.
Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
⚡ Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.