Колл - борбор: 105; 1209

Чүй облусу боюнча жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 13000 даана изолятор алмаштырылат

7 Май 2024 ж.

Чүй электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы чубалгылар кызматынын электр куроочулары  2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусу боюнча 13000 даана изоляторлорду алмаштырып, 287 чакырым аба чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүп, 2300 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрөт.


 2023-жылы энергетиктер тарабынан 12252 даана эскилиги жеткен жана жарактан чыккан изоляторлор алмаштырылган.
 Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.


Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09-00дөн  кечки саат 17-00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.   


 Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат.  
 Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
⚡ Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (Ватсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.