17.03.2025
Жаздын келиши менен аба электр чубалгыларына жакын жерде өрт чыккан учурлар көбөйдү. Жергиликтүү тургундар өз үлүш жерлерин жана талааларын тазалап, эски жалбырактарды, таштандыларды, бутактарды, камыштарды өрттөй башташты. Аба чубалгыларына жакын мындай өрттөө жумуштары авариялык өчүрүүлөргө, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоосун үзгүлтүккө учурашына жана стратегиялык энергетикалык объектилердин иштен чыгуу коркунучуна алып келет.
«КУЭТ» ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасы жергиликтүү калктан куураган чөптөрдү өрттөбөөнү жана электр объектилеринин жанында өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Аба чубалгыларынын коопсуз эксплуатациялоо шарттарын камсыз кылуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электр чубалгыларынын коопсуздук зоналарында куурап калган камыштардын өрттөнүп кетпөөсүнө каршы чараларды көрүү жөнүндө кат жөнөтүлгөн.
Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери үлүш жерлердеги аба чубалгылары тартылган аймактагы электр тирөөчтөрдүн аралыгындагы трассаларды тазалоо боюнча иштерди жүргүзө башташты.