Бүгүн, 14-августта Чүй электр тармактар ишканасынын базасында Кемин РЭТинин ыкчам бригадасына атайын автоунаа тапшырылды.
Автоунаанын ачкычын Чүй электр тармактар ишканасынын директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уметов Убайдылда Балкабекович Кемин РЭТинин жетекчиси Мирлан Эсенгул уулуна тапшырды.
Директордун орун басары автоунаанын ачкычын тапшырып жатып, бүгүн жакшы күн болуп жатканын, аздан болсо Чүй ЭТИнин техникалары жаңыланып, энергетиктерге жакшы шарттар түзүлүп жатканын кошумчалап, жаңы автоунаа Кемин РЭТинин ыкчам бригадасына керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергия менен камсыздоого жардам берерин, автоунааны этияттык менен колдонуу керектигин баса белгиледи.
ске сала кетсек, 11-августта КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев 5 даана атайын автоунаалардын ачкычын Чүй, Бишкек, Талас, Ысык-Көл жана Ош электр тармактар ишканаларынын ыкчам бригадаларынын айдоочуларына тапшырган.