Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын өнүктүрүү, 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү жана реформанын алкагында коюлган талаптарды өз убагында аткаруу боюнча тапшырмасына ылайык, «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Чүй облусунун аймагында кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотуу иштерин жүргүздү.
Атап айтканда:
- Сокулук районунун Нижний-Чүй айылына – 1 даана,
- Ак-Ордо жаңы конушуна – 4 даана ТКЧ,
- Панфилов районунун Орто-Арык айылына – 1 даана, Панфилов айылына – 1 даана,
- Кемин районунун Алмалуу айылына – 1 даана,
- Кант шаарына – 2 даана,
- Москва районунун Ак-Суу айылына – 1 даана,
- Аламүдүн районунун Лебединовка айылына – 1 даана.
Жалпы облус боюнча 12 даана кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулду.
Бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн күнү-түнү төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Колл-центр: 105
+996 772 001209
+996 556 001209

WhatsApp: +996 702 001209
Чүй электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы
Website: http://chupes.nesk.kg/
https://www.facebook.com/chupeskg
https://www.instagram.com/chupes.kg/
E-mail: chupes.ps@gmail.com
Tel: +996 33 85 97